Кантип заказ берсе болот?
Товарды корзинага кошуп, өз атыңызды жана WhatsApp номериңизди көрсөтүп, жеткирүү жана төлөө ыкмасын тандаңыз. Заказды дароо QR аркылуу каалаган ыңгайлуу ыкма менен төлөй аласыз же алган учурда (самовывоз / жеткирүү) төлөөнү тандай аласыз. Заказ жасалгандан кийин анын статусу тууралуу билдирүүлөрдү алып турасыз, зарыл болсо менеджер сиз менен байланышат.
Заказ берүү үчүн катталуу керекпи?
Жок, заказды катталбастан эле жасоого болот. Бирок катталган колдонуучулар ар бир сатып алуусунан бонус кешбэк алышат жана лоялдуулук программасында деңгээлин жогорулатышат. Максималдуу пайда алуу үчүн катталууну сунуштайбыз 😊
Заказды жасагандан кийин өзгөртүүгө болобу?
Ооба, эгер заказ жеткирүүгө берилe элек болсо, өзгөртүүгө болот. Биз менен мүмкүн болушунча тезирээк WhatsApp (+996 705 10 50 20) же Instagram (@pandastore_kg) аркылуу байланышыңыз.
Заказды жокко чыгарууга болобу?
Ооба, заказ курьерге же жеткирүү кызматына өткөрүлгөнгө чейин жокко чыгарууга болот.
Жеткирүү канча турат?
Бишкек шаары боюнча: — 3000 сомдон жогору заказдар үчүн акысыз — 3000 сомго чейин — 50дөн 200 сомго чейин (районго жараша) Башка шаарларга жана аймактарга жеткирүү «Ылдам» кызматы аркылуу жүргүзүлөт. Баасы жеткирүү кызматынын тарифине жараша эсептелет.
Жеткирүү канча убакытта келет?
Бишкек боюнча — заказ ырасталгандан кийин 24 сааттын ичинде. Аймактарга — 1ден 5 жумуш күнүнө чейин.
Өз алдынча алып кетүү барбы?
Ооба, заказды өзүңүз келип ала аласыз: Бишкек ш., Орозбеков көч., 2/2 Заказ даяр болгону тууралуу ырастоону күтүңүз.
Товарды алган учурда текшерүүгө болобу?
Ооба, төлөөгө чейин таңгактын бүтүндүгүн жана заказдын тууралыгын текшере аласыз.
Кандай төлөө ыкмалары бар?
— Алганда накталай төлөө — Заказды оформлять кылганда QR аркылуу төлөө
Онлайн төлөөгө болобу?
Ооба, заказды оформлять кылганда QR-код аркылуу дароо онлайн төлөй аласыз.
Продукция оригиналдуубу?
Ооба, биз расмий жеткирүүчүлөрдөн алынган оригиналдуу продукцияны гана сатабыз.
Сапат сертификаттары барбы?
Ооба, керек болгон учурда продукцияга тиешелүү документтерди көрсөтө алабыз.
Бул каражат сезгич тери үчүн ылайыктуубу?
Ар бир товар карточкасында тери түрү боюнча сунуштар көрсөтүлгөн. Эгер күмөн санасаңыз — бизге жазыңыз, сизге ылайыктуу кам көрүү каражаттарын тандап беребиз.
Продукциянын жарактуулук мөөнөтү кандай?
Биз жарактуу мөөнөтү актуалдуу болгон товарларды гана сатабыз. Жарактуулук мөөнөтү таңгакта көрсөтүлгөн.
Товарды кайтарууга болобу?
КР мыйзамдарына ылайык, тийиштүү сапаттагы косметикалык продукция кайтарууга жана алмаштырууга жатпайт.
Эгер бузук товар келип калса эмне кылуу керек?
Заказды алган соң 24 сааттын ичинде биз менен байланышып, фото же видео жөнөтүңүз. Биз маселени ыкчам карап чыгып, чечим сунуштайбыз.
Арзандатуулар жана акциялар барбы?
Ооба, биз дайыма акциялар жана атайын сунуштарды өткөрүп турабыз. Жаңылыктарды сайттан жана Instagram баракчабыздан карап туруңуз: @pandastore_kg
Рефералдык программа кантип иштейт?
Досторуңузду чакырып, улук реферал боло аласыз. Алардын сатып алууларынан бонус кешбэк алып турасыз. Толук маалымат жеке кабинетте жеткиликтүү.
Сайттагы баалар актуалдуубу?
Ооба, сайттагы баалар дайыма жаңыртылып турат. Сейрек учурларда өзгөрүүлөр болушу мүмкүн — мындай учурда заказды ырастоодон мурун сизге алдын ала билдиребиз.
Эгер товар кампада жок болсо эмне кылуу керек?
Сиз билдирме калтырсаңыз болот, товар кайра келгенде сизге кабарлайбыз.
Теринин түрүнө жараша кам көрүүнү кантип тандаса болот?
Бизге WhatsApp же Direct аркылуу жазыңыз — биз сиздин тери түрүңүзгө жана муктаждыгыңызга жараша каражаттарды тандап беребиз.

